ЕАЭСтин айыл-чарба өндүрүшү акыркы 6 жылда 19% өстү

20 сентября 2019, 10:50

2012 – жылдан 2018 – жылга чейин ЕАЭС мамлекеттердин айыл-чарба өндүрүшү 19% өстү. Беш өлкө буудай, май өсүмдүктөрү, жер-жемиш, кант, тоок жумурткалары менен рыногун камсыз кыла алышты. Бул тууралуу “Евразия экономикалык союз тууралуу келишимге беш жыл” аттуу конференцияда, ЕЭК мүчөсү Александр Субботин билдирди. 

Анын айтымында, сүт жана канаттуу эт менен ЕАЭС өзун 95% камсыз кылууда. Бул көрсөткүчкө жетүүнүн бирден-бир себеби, мамлекеттер ортосундагы чек ара барьерин алып салганда болгон.