Улуттук банктын алтын унций баасы 14,80 долларга арзандады

29 июня 2023, 09:10

Улуттук банктын алтындын өлчөнгөн куймаларын сатуу баасы бүгүн, 29-июнда 172 миң 305 сомду түздү. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Мындан эки күн мурда, 27-июнда Улуттук банк элден ушундай эле көлөмдөгү алтынды 173 миң 597 сомдон сатып алган, бул бүгүнкүгө караганда 1 292 сомго (14,80 доллар) кымбат.

Белгилеп кетсек, Улуттук банктын алтын куймасын 176 миң 172 сомдон сатып алууга болот.