Сутка ичинде Улуттук банктын алтын унцийи 7,25 долларга арзандады

27 июня 2023, 09:18

 

Бүгүн, 27-июнда Улуттук банктын алтын куймаларын сатуунун баасы 173 миң 597 сомду түздү. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Мындан бир күн мурун, 26-июнда Улуттук банк элден ушундай эле көлөмдөгү алтынды 174 миң 230,5 сомго сатып алган, бул бүгүнкүгө караганда 633,5 сомго (7,25 доллар) кымбат.

Белгилеп кетсек, Улуттук банктын алтын куймасын 176 миң 201 сомдон сатып алса болот.