Бир суткада алтындын унцийи 0,80 долларга кымбаттады

12 апреля 2023, 09:36

Бүгүнкүгө карата Улуттук банктын алтын куймаларын сатуунун баасы  180 миң 759,5 сомду түздү. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Мындан бир күн мурун, 11-апрелде Улуттук банк элден ушундай эле көлөмдөгү алтынды 180 миң 689,5 сомго сатып алганю Бул бүгүнкүгө караганда 70 сомго (0,80 доллар) арзан.

Белгилей кетсек, Улуттук банктын алтын куймасын 183 миң 470,5 сомдон сатып алууга болот.