Сутка ичинде алтын куймаларынын унцийи 9,85 долларга кымбаттады

17 января 2023, 09:07

Улуттук банктын өлчөнгөн алтын куймаларын сатуу баасы бүгүн, 17-январда 169 миң 932 сомду түздү. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти. 

Бир күн мурда куймалар элден 169 миң 88 сомго сатылып алынган. Бир суткада ал 844 сомго (9,85 доллар) кымбаттады. 

Белгилей кетсек, Улуттук банктын алтын куймасын 172 миң 481 сомдон сатып алууга болот.