Сутка ичинде алтындын унцийи 0,6 долларга арзандады

17 марта 2023, 09:05

Бүгүн, 17-мартта Улуттук банктын алтын куймаларын сатуу баасы 173 миң 770 сомду түздү. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Кечээ, 16-мартта Улуттук банк элден ушундай эле көлөмдөгү алтынды 173 822,5 сомго сатып алган. Бул бүгүнкүгө караганда 52,5 сомго (0,6 доллар) кымбат.

Белгилей кетсек, Улуттук банктын алтын куймасын 176 миң 376,5 сомдон сатып алууга болот.