Бир суткада Улуттук банктын алтын унцийи 2 долларга кымбаттады

9 февраля 2023, 09:40

Кыргызстандын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган алтындын бир унцийи бир суткада 181 сомго кымбаттады. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Бүгүнкү күндө Улуттук банк элден салмагы 31,1 граммды түзгөн куймаларды 168 миң 173 сомдон сатып алууда. Кечээ, 8-февралда кайра сатып алуу баасы 167 миң 992 сомду түзгөн.

Ошентип, баа 2,08 долларга жогорулады.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 9-февралда Улуттук банктын алтын куймасынын унцийин 170 миң 695,5 сомдон сатып алууга болот.