Улуттук банктын алтын унцийи бир суткада 7,17 долларга кымбаттады

17 февраля 2023, 09:18

Кыргызстандын Улуттук банкы чыгарган алтындын бир унцийи бир суткада 627 сомго кымбаттады. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Бүгүнкү күндө Улуттук банк элден 31,1 грамм салмактагы өлчөнгөн куймаларды 165 миң 570 сомдон сатып алууда. Кечээ, 16-февралда кайра сатып алуу баасы 164 943 сомду түзгөн.

Ошентип, баа 7,17 долларга жогорулады.

Кошумчалай кетсек, 17-февралга карата Улуттук банктын алтын куймасынын унцийин 168 миң 53,5 сомдон сатып алууга болот.