Улуттук банктын алтын куймалары бир күндө 8,7 долларга арзандады

24 января 2023, 09:11

Улуттук банктын бир унций салмактагы алтын куймаларын кайра сатып алуу баасы бүгүн, 24-январга карата 170 627 сомду түздү. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Бир сутка ичинде бул көрсөткүч 171 миң 378,5 сомдон 751,5 сомго (8,7 доллар) төмөндөгөн.

Белгилеп кетсек, бүгүнкү күндө Улуттук банктын алтын куймасын 173 миң 186 сомдон сатып алууга болот.