Үч күндүн ичинде алтындын унциясы 2 миң 340 сомго арзандады

18 октября 2021, 15:06

Улуттук банктын аффинирленген алтын куймасынын унциясы 15-октябрдан 18-октябрга чейин 2340 сомго төмөндөдү. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.

Бүгүнкү күндө алтын куймасынын куну 156 миң 4 сомду түзөт. Үч күн мурун ушундай эле салмактагы куйманы 158 миң 213 сомго сатууга мүмкүн болгон.