Ушул жылдын үч айында Казакстан Кыргызстанга 307,4 тонна айыл чарба продукциясын кайра кайтарган
Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында Казакстан Кыргызстанга экспортерлордун 307,4 тонна айыл чарба продукциясын кайтарып берди. Бул тууралуу Казакстандын айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Отчеттук мезгилдин ичинде Казакстан 8 миң тоннадан ашык продукцияны кайтарып берди. Анын ичинен Кытай - 6 миң тоннадан ашык, РФ - 1,1 миң тонна. Андан ары Өзбекстан - 439,2 тонна, Азербайжан - 303,6 тонна, Иран - 243 тонна жана Түркмөнстан - 212,5 тонна.
Тартип бузгандар административдик жоопкерчиликке тартылып, 86 миң доллар айып пул төлөшкөнү маалым болду.