Үч айда “Кыргызнефтегаздын” кирешеси 855,2 млн сомду түздү

8 мая 2023, 11:39

Ушул жылдын I кварталында “Кыргызнефтегаз” ААКтын таза кирешеси пландагы 549,2 млн. сомдун ордуна 855,2 млн. сомду түздү. Бул тууралуу акционердик коомдун сайтына жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, бул аралыкта “Кыргызнефтегаз” ишканасы тарабынан 43 миң 943 тонна мунай өндүрүлүп, пландалган көлөмдөн 4 миң 235 тоннага же 10,7%га көп өндүрүлгөн. Ал эми жаратылыш газы 9 млн. 634 миң куб метрди түзүп, пландагыдан 42,7%га көп.