3 айда Carcheck аркылуу 1,2 млн кайрылуу келип түшкөн

14 января 2020, 12:55

2019-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук порталы аркылуу 2.5 млн ашык жарандан кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. 

Кайрылуунун көпчүлүк бөлүгү, 2019-жылдын 1-октябрынан тарта ишке киргизилген Carcheck тейлөө кызматы аркылуу келип түшкөн. Carcheck аркылуу автоунаа тууралуу толук маалымат, т.а. күрөдө же айып пул  салынгандыгын билсе болот. Текшерүү үчүн, Мамлекеттик каттоо кызматынын сайтынан «Транспорт» бөлүгүнө кирп, андан соң Carcheck басуу керек. 

Carcheck ишке киргизилгенден тарта, келип түшкөн арыздардын саны 1,2 млн көбөйгөн.