Кыргызстандыктар үч айда банктык карточкалардан 89,1 млрд сом чыгарышты

1 сентября 2021, 11:00

2021-жылдын экинчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда карталар аркылуу жалпы суммасы 97 млрд сомго 20,5 млн транзакция жүргүзүлгөн. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүш 53,7% жана 68,5% ды түздү, деп айтылат Улуттук банктын отчетунда.

Ошентип, накталай акча алуу операцияларынын саны жалпы суммасы 89,1 млрд сомго 13,2 млн транзакцияны түздү, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бүтүмдөрдүн саны 40,7%га, ал эми көлөмү 64,9%га өстү.

Соода жана тейлөө ишканаларында POS-терминалдарда бүтүмдөрдүн саны 7,3 млрд сом менен жалпы суммасы 7,9 млрд сомду түздү, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бүтүмдөрдүн саны 84%га, ал эми операциялардын көлөмү 2,2 эсе көбөйгөн.