Ломбарддар үч айда 200 млн сомдон ашык киреше табышты

26 мая 2022, 09:31

Быйылкы жылдын биринчи кварталында Кыргызстанда ломбарддардын кирешеси 201,9 миллион сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,6%га (188,6 миллион сомго) көп болду. Маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Мында ломбарддардын чыгашасы каралып жаткан мезгилде 123,4 миллион сомду түзсө, өткөн жылы 153,1 миллион сомду түзгөн.

"Банктардын январь-март айларында балансталган финансылык натыйжасы 77,9 миллион сомду түзсө, 2021-жылдын ушул эле мезгилинде 35,5 миллион сомду түздү", — деп белгилейт Улуттук статистикалык комитет.