Чек ара кызматынын жетекчилери коррупциялык схема менен кармалды

20 октября 2021, 11:30

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Чек ара кызматындагы коррупциялык схеманын бетин ачты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, "Достук-унаажолу" текшерип өткөрмө пунктунун жооптуу кызматкерлери чек ара кызматынын айрым жетекчилеринин колдоосу астында системалуу түрдө чек арадан өтүп жаткан жарандардан, негизинен Өзбекстан Республикасынын жарандары жана оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан опузалап акча каражаттарын жыйнашканы аныкталды.

"2021-жылдын 19-октябрында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, "Достук-унаажолу" текшерип өткөрмө пунктунун башчысы "А.Э." УКМК Ош облусу боюнча чек ара кызматынын  башчысы "Ч.Н." жана ошондой эле УКМК чек ара кызматынын  Башкы штабынын жетекчисинин биринчи орун басары "К.Б." кармалды. Баардык кармалгандар УКМК Ош облустукжана Ош шаардык башкы башкармалыгынын  убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, УКМКнын Башкы штабынын жетекчисинин биринчи орун басары полковник Курсанбек Бекташов, УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Чынарбек Насиев жана "Достук-унаажолу" постунун башчысы болуп Аскарбек Эрмекбаев иштеп жаткан.