Сегиз айда Жогорку Сот 1 млрд 700 млн сомдон ашык каражат сарптады

11 сентября 2023, 10:03

Жылдын сегиз айында Жогорку соттун чыгымдарына 1,7 миллиард сомдон ашык каражат жумшалган. Бул тууралуу Каржы министрлиги тараткан маалыматта айтылат.

Анын ичинен 1,3 млрд сом кызматкерлердин эмгек акысына жумшалса, Социалдык фондго чегерүү 176,8 млн сомду түздү.

Андан ары мекеменин чыгашаларынын эң көп бөлүгүн байланыш кызматына кеткен чыгымдар – 58,1 млн сом, ошондой эле күзөт кызматын сатып алуу – 28,1 млн сом түздү.

Кошумчаласак, аталган орган калкка социалдык жардам көрсөтүүгө 23,5 миллион сом жумшаган.