Пандемия маалында ишкерлерге 8 миллион сом айып салынды

17 декабря 2020, 16:00

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Бишкекте ишкердик субъектилеринин санитардык эрежелердин сакталышын текшерүү үчүн мобилдик топтор иштеп жатышат. Бул тууралуу борбор калаанын вице-мэри брифинг учурунда билдирди.

Ошондой эле, ишкерлер өзгөчө кырдаал учурунда уруксат берилген тизме боюнча иш-чаралардын аткарылышы текшерилди.

Жалпысынан мобилдик топтор тарабынан 8,042 миллион сомго мыйзам бузуулар боюнча 2,9 миң протокол түзүлдү. Көчмө топтордун иши улантылып жаткандыгы белгиленди.

Ошондой эле, брифингдин жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын коомдук транспорттун санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге шайкештигин текшерүү боюнча иштери айтылды. Жалпысынан мобилдик топтор тарабынан 829 миң сомдук мыйзам бузуулар боюнча 867 протокол түзүлгөн.