Дем алыш күндөрү алтындын унцийи 18,40 долларга арзандады

5 декабря 2022, 09:27

Апта соңунда Улуттук банктын алтын куймасынын унцийи 1554 сомго арзандады. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтына жарыяланды. 

Ошентип, бүгүнкү күндө алтын куймасынын унцийин кайра сатып алуу 156 миң 405,5 сомду түздү. Жума күнү, 2-декабрда алтындын унцийин кайра сатып алуу баасы 157 959,5 сомду түздү. Ошентип, бир жумада алтындын унцийи 18,40 долларга арзандады.

Ошол эле учурда, Улуттук банк алтын унцийин сатып алуу баасы 166 миң 276 сом деп белгиледи.