Апта соңунда Улуттук банктын алтын унцийи бир аз арзандады

10 октября 2022, 09:47

Дем алыш күндөрү Кыргызстандын Улуттук банкы чыгарган алтын куймаларынын унций баасы 30,5 сомго арзандады. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Бүгүнкү күндө Улуттук банк калктан 31,1 грамм салмактагы ченелген куймаларды 143 миң 607,5 сомго сатып алууда. Жума күнү, 7-октябрда кайра сатып алуу баасы 143 638 сомду түздү.

Ошентип, баа 0,38 долларга төмөндөдү.

Кошумчалай кетсек, Улуттук банктын алтын куймасынын унциясын 7-октябрга карата 177 миң 146 сомдон сатып алууга болот.