Улуттук банктын алтын унцийи дем алыш күндөрү 5,38 долларга арзандады

31 октября 2022, 09:16

Дем алыш күндөрү Улуттук банк чыгарган алтын куймаларынын унцийи 447,5 сомго арзандады. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти. 

Улуттук банк калктан 31,1 грамм салмактагы ченелген куймаларды 142 миң 880,5 сомдон сатып алууда. Өткөн жуманын аягында, 28-октябрда кайра сатып алуу баасы 143 миң 328 сомду түзгөн. Ошентип, баа 5,38 долларга төмөндөдү.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 31-октябрга карата Улуттук банктын алтын куймасынын унцийин 166 миң 276 сомго сатып алууга болот.