Дем алыш күндөрү Улуттук банктын алтын унцийи 4,97 долларга кымбаттады

6 марта 2023, 09:04

Бүгүн, 6-мартта Улуттук банктын алтын куймаларын сатуунун баасы 166 миң 636,5 сомду түздү. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Өткөн жума күнү калктан барлар 166 миң 202 сомго сатылып алынган, бул бүгүнкүгө караганда 434,5 сомго (4,97 доллар) арзан.

Учурда Улуттук банктын алтын куймасын 168 миң 695 сомдон сатып алууга болот.