Дем алышта Улуттук банктын алтын унцийи 15,50 долларга арзандады

24 июля 2023, 09:20

Улуттук банктын 24-июлга карата алтын куймаларынын унцийинин кайра сатып алуу баасы 177 961 сом деп белгиленди.

Өткөн жума күнү, 21-июлда көзөмөл органы элден 31,1035 грамм салмактагы куймаларды 179 миң 323 сомго сатып алган. Ошентип, баа 1362 сомго, же 15,50 долларга төмөндөдү.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Улуттук банктын алтын куймасынын бир унцийин 180 миң 630,5 сомдон сатып алууга болот.