Апта соңунда алтындын унцийи 2,66 долларга арзандады

21 августа 2023, 09:11

Бүгүн 21-августка карата Улуттук банктын алтын куймаларынын унцийин кайра сатып алуу баасы 172 840 сом деп белгиленди.

Жума күнү, 18-августта көзөмөл органы калктан 31,1035 грамм салмактагы куймаларды 173 миң 74 сомго сатып алган.Ал эми, дем алыш күндөрү баа 234 сомго, же 2,66 долларга арзандады.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Улуттук банктын алтын куймасынын унцийин 175 миң 433 сомдон сатып алууга болот.