Дем алыш күндөрү алтындын унций баасы 11,03 долларга арзандады

5 июня 2023, 09:12

Улуттук банктын алтын куймаларынын бир унцийин кайра сатып алуу баасы 5-июнга карата 177 миң 644,5 сом деп белгиленди. Мындай маалыматтар жөнгө салуучу органдын сайтында берилген.

Ошол эле учурда өткөн жуманын аягында, 2-июнда кайра сатып алуу 178 миң 610,5 сомду түзгөн. Ошентип, унций 966 сомго, же 11,03 долларга арзандады.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Улуттук банктын алтын куймасынын бир унцийин 180 миң 309 сомдон сатып алууга болот.