Дем алыш күндөрү алтындын унцийи 8,78 долларга арзандады

30 января 2023, 09:15

Бүгүнкүгө карата Улуттук банктын алтын куймасынын унцийин кайра сатып алуу 171 354 сом деп белгиленди. Бул тууралуу жөнгө салуучу органдын сайтына жарыяланды. 

Өткөн жуманын 27-январында кайра сатып алуу 172 миң 110,5 сомду түзгөн. Ошентип, унций 756,5 сомго же 8,78 долларга арзандады.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Улуттук банктын алтын куймасынын бир унцийин 173 миң 924,5 сомдон сатып алууга болот.