Дем алыш күндөрү алтындын унцийи 16,32 долларга кымбаттады

14 ноября 2022, 10:54

Дем алыш күндөрү Улуттук банк тарабынан чыгарылган алтындын бир унцийи 1376 сомго кымбаттады. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти. 

Ошентип, бүгүнкү күндө Улуттук банк калктан 31,1 граммдык өлчөнгөн куймаларды 153 миң 997,5 сомдон сатып алууда. Жума күнү, 11-ноябрда кайра сатып алуу баасы 152 621,5 сомду түздү. Муну менен, баа 16,32 долларга жогорулады.

Кошумчалай кетсек, 10-ноябрга карата Улуттук банктын алтын куймасынын унцийин 166 миң 276 сомдон сатып алууга болот.