Дем алыш күндөрү алтындын унцийи 1,2 миң сомго кымбаттады

3 апреля 2023, 09:26

Дем алыш күндөрү Улуттук банк тарабынан чыгарылган алтындын бир унцийи 1 миң 215 сомго кымбаттады. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Ошентип, бүгүнкү күндө Улуттук банк калктан 31,1 грамм салмактагы ченелген куймаларды 178 миң 748,5 сомдон сатып алууда. Өткөн жуманын аягы, 31-мартта кайра сатып алуу баасы 177 миң 533,5 сомду түзгөн. Баа 13,90 долларга жогорулады.

Кошумчалай кетсек, 3-апрелге карата Улуттук банктын алтын куймасынын унцийсин 181 миң 430 сомдон сатып алууга болот.