Кыргызстан жумушсуз калктын саны боюнча ЕАЭБ ичинен үчүнчү орунду ээледи

22 марта 2021, 10:20

Кыргызстанда ушул жылдын январь айынын аягына карата 77.4 миң жумушсуз жаран катталган. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссия билдирди. 

 

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан жумушсуз калктын саны боюнча үчүнчү орунду ээледи. Белорусияда 8.1 миң жумушсуз жаран, Россияда 2.5 млн жумушсуз жаран каттоодо турат. 

Казакстанда өткөн жылдан бери жумушсуз жарандардын саны 29.5 миңге жогорулап, 172.3 миңди түзгөн. Арменияда болгону 62.2 миң жумушсуз жаран катталды.