Январда Социалдык фонддун байланыш бөлүмүнө 3 миңден ашуун кайрылуу келип түшкөн

4 февраля 2020, 17:36

2020 - жылдын январь айында Социалдык фонддун калк менен байланышуу борборуна 3 миң 363 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди. 

Мындан сырткары, сайтка 631 электрондук кайрылуу келип түшкөн. 

Кайрылуулардын көпчүлүк бөлүгү мамлекеттик жана социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча келип түшкөн.