2019 – жылдын январь-сентябрь айларында 985 миң тонна көмүр казылган

3 октября 2019, 14:50

Үстүбүздөгү жылдын акыркы 8 айында КР 985 миң тонна көмүр казылган. Өткөн жылга салыштырмалуу 16.2% көп болгон. Бул тууралуу өнөр-жай, энергетика жана тоо-кен мамлекетти комитетинин башчысы Эмил Осмонбетов билдирет. 

Анын айтымында, социалдык объектилерди жана калкты көмүр менен камсыз кылуу атайын түзүлгөн график менен жүргүзүлүп жатат. Түштүк региондун кампасында 44 миң тонна, түндүк региондун кампасында 72.1 миң тонна, Балыкчы шаарында 18 миң тонна объектилерге таркатылууга даяр. 

КР боюнча көмүр сатуу боюнча 587 база бар. 1  тоннага болгон эң арзан баа 1 миң 800 сомду түзөт, ал эми эң кымбаты – 9 миң сомго жетет.