Салык кызматы жыл аягына чейин 103 млрддан ашык салык жана төлөмдөрдү чогултушу керек

25 ноября 2021, 11:09

Салык кызматынын алдында 2021-жылдын аягына чейин 103 миллиард 848,3 миллион сом салык жана төлөмдөрдү чогултуу милдети турат. Бул тууралуу мекеменин төрагасы Алтынбек Абдувапов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдын 25-ноябрына карата Салык кызматы 94 миллиард 171 миллион 301,6 сом чогулткан. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кирешелер 23,9 миллиард сомго, 2019-жылга салыштырмалуу 22,3 миллиард сомго көбөйгөн.

"Пландалган салык көрсөткүчтөрүн ашыра аткаруу бир катар факторлордун натыйжасында мүмкүн болду. Тактап айтканда, салыктык башкарууну жакшыртуу, экономиканын бардык секторлоруна талдоо жана мониторинг жүргүзүү, бизнести көмүскөдөн чыгаруу, ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүргүзүүнүн алкагында кыйыр салыктарды башкаруу боюнча иштер жүргүзүлдү. Мындан тышкары, салык процедураларын жана электрондук эсеп-фактураларды санариптештирүү боюнча долбоорлор өз натыйжасын берүүдө", - деп билдирди төрага Абдувапов.