Мамлекеттик архитектура агенттигинин мурдагы башкы эсепчиси кармалды

23 января 2023, 10:48

Бишкек шаарынын прокуратурасы Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, ведомствонун айрым кызмат адамдары кызмат абалынан пайдаланып, бухгалтердик документтерди жасалмалоо менен бюджеттик каражаттарды системалуу түрдө чыгарып, мамлекеттик агенттиктин башкы бухгалтеринин жеке эсебине которуп келген. Бул эсептер башкармалыктын кызматкерлерине эмгек акы төлөө деген шылтоо менен банктарда катталган.

Кылмыштуу аракеттердин натыйжасында мекеменин бюджетинен 6 миллион сомдон ашык каражат чыгарылып, өздөштүрүлгөн.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган мекеменин мурдагы башкы бухгалтери, учурда "Бишкекзеленхоз" ишканасынын башкы эсепчиси болуп иштеп жаткан адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.