«Ала-Арча» соода борборунун директору криптовалюта боюнча алдамчылыкка шектелип кармалды

26 января 2024, 16:08

Fargocoin криптовалютасын сатуу боюнча алдамчылык менен бүтүм жасаган борбор калаанын тургунун алдоо фактысы боюнча кылмыш ишине шектелип жаткан "Ала-Арча" соода борборунун директору кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Окуя 2018-жылы болуп, шылуундар криптовалютаны сатуудан туруктуу киреше болорун убадалашып, алдоо жолу менен 22 миң доллар жана 1 миллион сомго ээлик кылышкан.

Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 2 миллион 960 миң сомду түздү.