«Альфа Телеком» ЖАКнын мурдагы башкы директору кармалды

27 июня 2023, 15:44

УКМК “Альфа Телеком” ЖАКында сатып алуулар системасындагы мыйзам бузуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ошентип, иликтөө иштеринин алкагында “Альфа Телекомдун” жооптуу адамдары жеке компаниялар менен сүйлөшүп алып, аларга алдын ала жеңилдетилген шарттарды даярдап, ошону менен ошол эле компаниялар көп учурда утуп алган тендерлерде жеңишти камсыз кылып жатканы аныкталган.

Ишти иликтөөнүн жүрүшүндө тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, сатып алынган жабдуулардын баасы ашыкча кымбаттагандыгы аныкталган.

Ошентип мамлекетке миллиондогон доллар зыян келтирилген.

Алынган далилдердин негизинде мурдагы башкы директор Б.А.Т. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Белгилеп кетсек, УКМК көрсөткөн инициал өткөн жылдын сентябрь айында кызматынан алынган Азат Базаркуловдун аты менен дал келет.