Экс-вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кармалды

25 января 2023, 17:58

Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кармалды. Бул маалыматты “Акчабарга” укук коргоо системасындагы булактар ​​тастыктады.

Алдын ала маалыматтарга караганда, экс-вице-премьер-министрге Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Арзыбек Бурканов арыз жазган. Иштин чоо-жайы ачыкталган жок, бирок жергиликтүү басылмалардын жазганына караганда, Бурканов Разаковду алдамчылык боюнча айыптаган. Тагыраагы, ири суммадагы акчаны карызга алып, бирок кайтарып берген эмес.

Эске салсак, Жеңиш Разаков 2011-2012-жылдары Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп иштеген. Кийин Баткен облусунун губернатору болгон. Ал бир нече жолу вице-премьерликке дайындалган.

2017-жылдын августунан октябрына чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы болгон. 2018-жылдын апрелинен 2020-жылдын февралына чейин вице-премьер-министр болуп иштеген.