MEGAнын дагы бир экс-жетекчиси кармалды

28 марта 2023, 10:54

Жабдууларды жогорулатылган баада сатып алуу фактысы боюнча "Альфа Телеком" ЖАКтын дагы бир мурдагы жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун IT департаментинин мурдагы жетекчиси тендердин жеке катышуучулары менен келишим түзүп, IT жабдыктарды жогорулатылган баада сатып алган.

Кылмыш ишин тергөө учурунда тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала келтирилген зыян салыктарды эсепке албаганда 20 миллион сомго жакын болгон.