Араван районунун айыл өкмөт башчысы кармалды

23 мая 2023, 16:04

Араван районунун айыл өкмөт башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айыптоо менен кармалды. 

Маалыматка ылайык, Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.А. башка кызмат адамдары менен келишип, 2022-жылдын 14-февралында жер тилкесин “Сугат айдоо жерлери” категориясынан “Жеке турак жай куруу” категориясына которуу жөнүндө токтом чыгарган. Ошол эле учурда, “Кадастр” жеке менчик укугу боюнча мамлекеттик актыларды берген. 

Аталган жер тилкесинин баасы 7,7 млн.  сомду түзөт.

“Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат”, - деп билдирди УКМК.