Электрондук күндөлүк программасынын негиздөөчүсү кармалды

15 марта 2023, 15:45

Билим берүү министрлигинин системасына киргизилген электрондук күндөлүк программасынын негиздөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматта бул программалык камсыздоонун башкы директору жана негиздөөчүсү кош бухгалтердик эсепти колдонуп, алынган кирешелер тууралуу жасалма маалыматтарды берүү менен салык төлөөдөн качканы белгиленген.

"Мамлекеттик бюджетке жылына 19 миллион сом өлчөмүндө салык төлөмдөрү түшкөн эмес, ошондой ишенимге кирип, биргелешкен бизнестин кирешесинен дивиденддерди алууну убадалап, ал туунду компаниялар менен биргелешип уюштуруучулардын акча каражаттарын ээлеп алган", — деп белгиледи УКМК.

Учурда бул окуяга тиешеси бар бардык кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.