УКМК уюшкан кылмыштуу топтун акчасын адалдоого шектелген жаранды кармады

10 января 2024, 11:52

УКМК К. Асанбектин кылмыштуу кирешелерин легалдаштырууга (адалдоого) айыпталган жаранды кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран 2016-жылдан бери К.Асанбектин кылмыштуу аракеттерин билип туруп, кылмыш жолу менен табылган акча каражаттарын мыйзамдаштырууга жигердүү катышкан.

Ошондой эле, ал ири объектилердин, анын ичинде “Берёзка” мончо комплексинин, “Барс” жана “Каганат Resort” эс алуу жайларынын, Чолпон-Ата шаарындагы “Ордо” соода жана оюн-зоок борборунун, ошондой эле “Сейил” шаарчасындагы коттедждердин курулушуна катышкан.

УКМК мындай фактыларды аныктоого жана мамлекетке акчаны кайтарууга багытталган тергөө иштерин улантууда.