Дары-дармек департаментинин директору кармалды

24 мая 2023, 15:22

Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин директору Айнура Абалиева кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, ал аталган башкармалыктын жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, тездетилген каттоо жана күбөлүк берүү үчүн фармацевтикалык ишканалардан акча алган.

“Лабораториялык изилдөөлөр иш жүзүндө жүргүзүлгөн эмес. Бул сапаты талапка жооп бербеген дары-дармектерди каттоо коркунучун жаратып, өлкөнүн калкынын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч жаратат”, - деп белгиледи УКМК.