Бишкектиктердин электр энергияга карызы 12 млн сомдон ашты

15 ноября 2021, 12:14

Бишкек шаары боюнча абоненттердин жалпы дебитордук карызы 12,1 миллион сомдон ашты. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ААК басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2021-жылдын 16-ноябрынан тарта төлөмдөрдү төлөбөгөндүгү үчүн "Түндүк электр" ААК электр энергиясына мониторинг жүргүзүү жана эсепке алуунун автоматташтырылган маалыматтык-ченөө системасы Бишкек шаарындагы 4 миң 600дөн ашык абоненттин дебитордук карызын дистанциондук түрдө өчүрөт.

"Ыңгайсыздыктарды болтурбоо үчүн "Түндүк электр" ААК абоненттерди электр энергиясына болгон төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат", - деп жазды бөлүштүрүүчү компаниянын басма сөз кызматы.