Бишкек — Алматы жолу жабылды

14 декабря 2023, 16:13

Аба ырайынын начарлашына байланыштуу, тактап айтканда катуу урган бороонго байланыштуу Алматы-Бишкек унаа жолу жабылды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Чектөө унаалардын бардык түрлөрүнө тиешелүү. Жол кызматкерлери жарандарга коопсуздук чараларын сактоону катуу сунушташат.

Кошумчалай кетсек, Бишкектен Алматыга учак менен жетүүгө болот.