Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелеринде айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу 25 доллардан ашат

15 декабря 2021, 09:17

Мындан ары Кыргызстандын чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрү айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу кызматы үчүн бирдиктүү тарифти ала баштайт. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Бардык чет элдик өкүлчүлүктөр үчүн белгиленген сумманы белгилөө чечими эмгек мигранттарын колдоо максатында кабыл алынган.

“Айдоочулук күбөлүктү берүүнүн бирдиктүү тарифи макулдашылды. Мамлекеттик кызматтын баасы 2 миң 158 сомду түзөт”, - деп билдиришти мамагенттиктегилер.