«Халык банктын» жетекчи орун басары мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетти

7 июля 2022, 12:45

Нурдин Мусуралиев "Халык Банк Кыргызстан" ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетти. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.

Мындай чечимди банктын директорлор кеңеши кабыл алды.

Анда тараптар эмгек келишимин мөөнөтүнөн мурда бузганы көрсөтүлгөн.

Нурдин Мусуралиев 2021-жылдын ноябрында "Халык Банк Кыргызстан" ААКсынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Буга чейин ал "Капитал Банкты" жетектеп келген.