Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине орун басар дайындалды
Илияз Ташбаев Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
2017-жылдын октябрынан ушул жылдын апрелине чейинки мезгилде Ташбаев Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун статс-катчысы кызматын ээлеп келген.