Тимур Бербаев "Керемет Банктын" жетекчисинин орун басары болуп дайындалды
Кермет Банктын башкармалыгынын курамында өзгөртүүлөр болду. Бул тууралуу банктан билдиришти.
Тактап айтканда, 21-февралда эмгек келишиминин мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Элмира Жаныбаева Башкармалыктын төрагасынын насыялоо боюнча кеңешчиси кызматына которулган.
Тимур Бербаев 1-марттан тарта ваканциялык бош кызматка "Керемет Банктын" директорлор кеңешинин чечими менен дайындалган. Тиешелүү чечим 25-февралда кабыл алынды.
Кошумчалай кетсек, ачык маалымат булактарында ал буга чейин “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары кызматын аркалап келген.