Санариптик өнүктүрүү министрлигинин орун басары кызматтан бошотулду
Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Залкарбек Карыбеков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Тиешелүү документке Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Залкарбек Карыбеков бул кызматка 2021-жылдын 14-июнунда дайындалган.