Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басар дайындалды
Урматбек Кокочаров Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин жыйынында белгилүү болду.
Буга чейин ал Мамлекеттик курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору болуп иштеген. Анын Мамлекеттик курулуш комитетинен бошотулганы ушул жылдын март айынын аягында маалым болгон.