Бакыт Төрабаев Бишкек ЖЭБинин ишин текшерди

6 января 2023, 11:02

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкек Жылуулук электр борборунун иши менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

“Электр станциялары” ААКнын башкы директору Осмон Качкынбаев Бишкек шаардык ЖЭБдин бардык жабдуулары жакшы абалда жана штаттык режимде иштеп жатканын билдирди.

“Учурда Бишкек ЖЭБинде 100 миң 444 тонна көмүрдүн запасы бар, суткалык керектөө 6,5 миң тоннага жетүүдө. Бишкек ЖЭБине күн сайын 7 миң тоннага жакын жергиликтүү жана импорттук көмүр ташылып келинет”, - деп белгиледи Министрлер кабинети.

Бакыт Төрөбаев Энергетика министрлигине өлкө аймактарындагы отун базаларына көмүрдү өз убагында жеткирүү жана анын керектөөчүгө сатуу баасын өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.